1. Бир нерсенин теңи, экиге бөлүнгөн нерсенин бир бөлүгү, бир бүтүндүн орто жери же жартысы. Сарыбайдын толгон мүлк, Тең жарымын жүктөдү («Эр Төштүк»). Узабастан жарым саат, Нөшөр төктү кардады (Токомбаев). Карышкыр тийди короого, Түн жарымы болгондо (Борбугулов). Колуна тиер менен жарымына түшүрө жутту (Сыдыкбеков). 2. Толук эмес, кем, аз, начар, кемчилдиги бар. Акылы жарым азамат, Алты сом тапса желигет (Осмонкул).
Үч тарабы сууга кирип, бир тарабы гана материк менен туташып турган кургак жер. Балкан жарым аралы. Апшерон жарым аралы.
Алты саны аман эмес, бир мүчөсү кем, майыбы бар, оорукчан. Жолмо-жол кар кечкен сулуу катуу ооруга чалдыгып, жарым жан болуп калган (Көчкөнов). Биз болсок жарым жан кишилерге баш-көз болуп ушул жерде калалы (Укаев). Жарым жан бечаранын колунан канча келер дейсиң?
Алты саны аман эмес, бир мүчөсү кем, майыбы бар, оорукчан. Жолмо-жол кар кечкен сулуу катуу ооруга чалдыгып, жарып жан болуп калган (Көчкөнов). Биз болсок жарып жан кишилерге баш-коз болупушул жерде калалы (Укаев).